"Генри Сехудо менен чогуу". Айсулуу Тыныбекова америкалык балбандарга дагы бир ирет мастер-класс өттү (видео)

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШдагы америкалык спортчуларга дагы бир жолу мастер-класс өттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Кечээ мен келечекте балбандарды даярдаган мектепте кайрадан мастер-класс өткөрдүм. Мындан бир жума мурун дагы мастер-класс өтүп, позитивдүү эмоция алгам", - деп жазды Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова мастер-клас өткөн спорттук залга "Пекин-2008" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Генри Сехудо дагы барган.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин АКШнын Пенсильвания штатында жаш балбандарга мастер-класс өткөн.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.

Айсулуу Тыныбекова америкалык балбандарга дагы бир ирет мастер-класс өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-12-03 11:25:03
Азамат дуйного танымал кыз болдун эмгегин менен
+6
alimbek94
2021-12-03 11:35:11
Тыныбекованын ар бир жениши, ийгилиги кыргыздын башка кыздарые да шыктандырат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан