Орусиядагы шахта кырсыгы: Владимир Путин министрлер менен болгон жыйында жини келип столду бир койду (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяковдун Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасында болгон кырсык тууралуу жасаган отчётуна эмоционалдуу жооп берди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин министрдин сөзүн уккандан кийин, анын ишине нааразы болгон. Президенттин айтымында, бийлик шахталардагы жумушчулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштеши керек.

"Анткени 2010-жылдагы чечимдерибиздин мааниси ушул болчу", - деп Путин жини келип муштуму менен столду бир койгон.

25-ноябрда Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасынан өрт чыгып, 51 адам каза болгондугу кабарланган.

Валадимир Путин министрлер менен болгон жыйында жини келип столду бир койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uli1234
2021-12-03 11:54:41
Менда устолду сындыра койгон экен депмин
+21
Sakubek
2021-12-03 12:12:07
Колун столго койгон экен, катуураак тийип кетиптир.
+14
nazira...
2021-12-03 13:35:10
Тооба, столду урбаптыр го
+7
Take-72
2021-12-03 14:47:09
Атангору,чындап столду муштаганда Путин Кремлде тополон салды деп чыгышмак экен
+9
Topcubai
2021-12-03 15:27:08
Кумурскадан пил жасабагылачы
+8
Kuluch78
2021-12-03 15:50:04
Валадимир, кайсы журналист жазды ушуну
+4
Alinur96kg
2021-12-03 17:04:21
Бирок "ээу чык эшикке" деп айтпаптыр.
+6
aslan_akjol89
2021-12-04 09:06:17
Азат Бейшенбеков,"жини келип" эмес "ачуусу келип" деген туура болот.Жини келип деген көчөнүн сөзү.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан