“Ата Мекен” партиясынын штабында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары менен Өмүрбек Текебаевдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын штабы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын депутаттары аксакал менен чогуу келишип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашкан.
Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев эч кандай жаман ниети жок экенин айтты.
"Биз жакшы ой менен келгенбиз. Биз шаарга тынчтык үчүн деп келгенбиз. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Ортодогу эле адамдар бизди кагыштырып жатат. Ортодон жөн гана провокация болуп кетти", - деди ал.
Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев аларга эч кандай дооматы жок экенин айтты.
"Менин силерге дооматым жок. Бирок менин силерге кеңешим бар. Биз өзүбүзгө окшогон адамдын укуктарын сыйлашыбыз керек. Биздин өлкөдө ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу", - деди Текебаев.
1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.