"Коркпо. Токтот. Жаша!". Аялдарга карата зомбулукка каршы көргөзмө өткөрүлдү (сүрөттөр)

Бириккен улуттар уюмунун, "Луч света" Европа Биримдиги жана "ИЛГЕРИ" долбоорунун сүрөтчүлөрү Кыргыз жергесиндеги гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында "Искусство зомбулукка чыдабайт" көргөзмөсүн тартуулады. "Коркпо. Токтот. Жаша!" деген ураан менен уюштурулган көргөзмө 2-декабрда Бишкектеги Асанбай борборунда өткөрүлдү.

Көргөзмөгө зордук-зомбулукту башынан кечирген аялдардын чыныгы окуяларынын негизинде тартылган 32 эмгек коюлду. 16 сүрөтчү кыз-келиндердин трагедиялуу окуяларын жан дүйнөсү менен өздөрүнөн өткөрүп, ошол сезимдерди искусство аркылуу чагылдырышкан.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө расмий жана бейрасмий статистика боюнча зордук-зомбулуктун саны өсүүдө. Жыл сайын ондогон аялдар кризистик борборлорго кайрылып жатышат. Бирок көпчүлүк аялдар жардам суроого батына алышпайт. Гендердик зомбулуктун курмандыктарына көпчүлүк учурда тийиштүү көңүл бурулбай жатканы кырдаалды ого бетер курчутуп жатат.

Бул көргөзмөнүн максаты - искусство аркылуу аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү масштабдуу экенин көрсөтүү. Ошондой эле аялдарга карата тилектештикти билдирүү жана коомчулукту гендердик зомбулукка кайдыгер болбоого чакыруу.

Кыздарды нукуралуулукка чакырган сүрөт көргөзмө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fernando_Torres
2021-12-03 17:02:33
Бул эми айтып атабы аялдарга дегиле адам баласына ыйман тарбия кандай болуш керек экенин Аллах субхан таала милярд жылдар мурун эле айтып койгон
0
ayzhan12
2021-12-03 17:40:00
Кыргызстанда талибан сымал билимсиз динчилдер толуп алган. Булар үчүн аялдардын эч баалулугу жок. Калп эле ыйман дегенди жамынып алышып өздөрүнүн диний эрежелерди уйротконду токтотушсун. Жылдан жылга дин күчөгөн сайын аялдарды эле сөз кылышып дин чөйрөсүндө, аялдар шайтан, бузуку сыяктуу акмак сөздөрдү сүйлөп жатышат. Кыскасы булар үчүн аялдардын баалулугу жок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан