ЭЛДИК КАБАР: "Наристелер ооруп бала бакчага эмес, ооруканага каттап калышты". Чаткалдын тургуну алтын кендеги ишке нааразы болду

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун аталган аймакта алтын казган компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын билдирди.

"Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында алтын кен казган "Эти Бакыр Терексай" фирмасы калктын жашоосун жана ден соолугун ойлобой элге, экологияга өтө чоң зыянын тийгизип жатат. Ал жактан чыккан чаңдан наристелер ооруп бала бакчага эмес, ооруканага каттап калышты. Бул эмне деген шумдук?

"Эти Бакыр Терек-Сай" мыйзам боюнча иштесин, болбосо ишмердүүлүгүн токтотсун.

Жогорудагы кресло талашкандар, эл үчүн кызмат кылабыз деп убада берип, добуш алып кеттиңер го. Бул фирманы токтотушсун.

Айыл үстүндө түнү менен согуш болгондой тоолорду жардырып ушундай абалга келтиришет. Ким жооп берет? Эл үнүн уккан чиновниктер барбы?" - деп суроо салды тургун.

Ошондой эле тургун агарып аткан таңда таза аба эмес, чаң жутуп дем алып жатышканын кошумчалады.

"Агарып таң атканда таза аба эмес, чаң жутуп дем алып калдык. Бул айыл кандай кейиштүү", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Чаткалдык тургун алтын кендеги ишке нааразы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан