Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен сакайып 72 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралууу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 25
Чүй облусу – 10
Ош облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 15
Баткен облусу – 6
Маалыматка ылайык, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 394 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 389 бейтап бар.
Өлкөдө аталган илдеттен айыккандардын жалпы саны 178 миң 550 бейтапты түздү.