Бүгүн, 24-июль саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова жаңы маалыматтар менен тааныштырды.
Соңку суткада 921 адам коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруп жатканы аныкталса, 1 247 бейтап илдеттен айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды. Оору менен күрөшүп жаткандардын ичинен 42 адам көз жумду.