Франция жана Катар өлкөлөрү Ооганстанга 40 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматта гуманитардык жардам катары медициналык жабдыктар, тамак-аш жана кышкы кийим-кечелер жеткирилгени жазылат.
"Ооганстандагы эл аралык уюмдарга 40 тоннага жакын медициналык жабдуулар, азык-түлүк жана кышкы кийимдер жеткирилди. Бул биргелешкен гуманитардык жардам Франция менен Катардын узак мөөнөттүү өнөктөштүгүн, ошондой эле эки өлкөнүн ооган калкын колдоого умтулуусун көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.
Гуманитардык жардам Франция менен Катардын тышкы иштер министрликтери тарабынан ишке ашырылды.
Эске салсак, август айында "Талибандар" Ооганстандын чек арасынын бардык тарабын өз көзөмөлүнө алышкан.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.