Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Кыргыз жараны А.Ш.нын башкаруусундагы Opel Zafira үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүү учурунда унаанын салонунан Тажикстанда өстүрүлгөн 470 килограмм мандарин табылган.
Ошондой эле Лейлек районунун Беш-Кент айылында чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Ниссан үлгүсүндөгү унаанын 1988-жылы туулган айдоочусу (Кыргыз жараны) кармалган. Текшерүү учурунда Тажикстандан 500 килограмм жүзүм алып кирүүгө аракет кылганы аныкталды.
Эки учурда тең айдоочулар Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз товар алып өтүүгө аракет кылышкан", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.