"Маша жана аюу" мультсериалы Ютуб каналында 100 миллиард көрүү топтоду

Орусиялык "Маша жана аюу" мультсериалы Ютуб каналында 100 миллиард көрүү топтоду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Анимаккорд" студиясынын жамааты дүйнө жүзүндөгү аудиториясына 100 миллиард көрүүнүн чегине жеткендиги үчүн ыраазычылык белгиси катары "Маша жана Аюу" атайын чыгарылышын жаратты. Ал аталган студиянын YouTube каналында жеткиликтүү болот", - деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, анимациялык сериалдын араб тилиндеги чет элдик каналы бриллиант YouTube баскычынын ээси болгон.

«Маша менен аюу» кичинекей балдардын аудиториясына арналган. Үч көлөмдүү графикада тартылган мультфильмди алгач 2009-жылы жаш көрүүчүлөр “Түнүңөр бейпил болсун, балдар” берүүсүнөн көрө башташкан. Мультфильмдин автору Олег Кузовков. Эл аралык деңгээлге чыга алган “Маша менен аюу” мультфильми 1 жарым жыл аралыгында 16 сыйлык алган.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө жеке ишкер Жыргалбек Ажиматовдун котормо борбору "Жыргал Медиа" тарабынан 2010, 2011-жылдары 20 сериясы кыргызчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан