Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунан 10 миң доллар сыйлык алат

Айсулуу Тыныбекова быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму тарабынан 10 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эл аралык спорттук уюм узаган жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга жыл сайын акчалай сыйлык берилип турат. Айсулуу Тыныбекова өз салмагындагы (62 килограмм) спортчулардын арасына эң көп делген 136 упай топтогон. Муну ал төрт ири мелдешке катышып алган.

"Айсулуу Тыныбекова апрель айында Азия чемпиону болуп, рейтингин 18 упай менен баштаган. Кийин Польшанын ачык чемпионатында алтын медаль утуп, 16 упай кошулган. Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынганда дагы 44 упай топтогон. Ослодо дүйнө чемпиону болгондо 58 упай кошулган. Кыз-келиндер күрөшүндө бир да балбан Айсулуу Тыныбековадай ири упай топтой алган эмес", — деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ErkinOkenovich
2021-12-04 16:57:20
Кут болсун Айсулуу айым,мээнет менен тапкан акча керегине жарасын.Аллахым куч кубат берип, ийгиликтердин устундо журобер.бактылуу омурлуу бол.
+4
abusait
2021-12-05 00:17:10
Бул кыздар андан да коп акчага татыктуу..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан