Казакстан Кыргыз өлкөсүнө жана Тажикстанга аскердик-техникалык жардам берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, эки өлкөгө аскердик техникаларды берүү боюнча атайын жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев кол койгон.
"Кыргыз өлкөсү менен болгон келишим ушул жылдын 2-мартында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мамлекеттик жумушчу сапарынын алкагында түзүлгөн. Келишимге ылайык казак тарап Кыргыз өлкөсүнө аскердик техникаларды, ок-дарыларды жана атайын жабдыктарды бир жолку өткөрүп берүү каралган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аскердик техникалар автотранспорттор менен Кой-Таш айылына жеткирилери жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен казак тарап камсыздай турганы кабарланды.
Ушундай эле келишимдин негизинде аскердик-техникалар жана ок-дарылар Тажикстанга да тапшырылары маалымдалды.
Эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан алынган аскердик техникаларды жана аларды колдонуу укугун үчүнчү тарапка бербей турганы айтылды.