Москвада кыргыз таксистке ок чыгарган Cadillac үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы шектүү жаранга "курал колдонуу менен жасалган бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылып, 3-февралга чейин камакка алынган.
Эске салсак, кечээ, 3-декабрда Москвадагы көчөлөрдүн биринде эки адамдын ортосундагы пикир келишпестиктен улам бири-экинчисине травматикалык тапанчадан ок чыгарып, натыйжада 34 жаштагы Кыргыз жараны жаракат алган. Окуянын катышуучулары Дмитрий Махалов жана Алманбет Абдрахманов аттуу такси кызматында иштеген Кыргыз жараны болгон. Алманбет Абдрахманов алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылганы маалымдалган.