Орусиялык блогер кыргыз кыздын апасын абактан чыгарууга жардам берүүгө убада берди

Орусиялык Dava каймана аты менен таанымал рэпер жана блогер Давид Манукян Айнура аттуу кыргыз кызынын апасын абактан чыгарууга жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылуу аркылуу билдирди.

Кыргыз кызынын айтымында, анын апасын кимдир бирөөлөр жалган жалаа менен карызга батырып, абакка каматып жиберишкен. Эгерде келтирилген чыгымды толук төлөп берсе апасын абактан бошотушат.

Блогер видео кайрылуусунда апасынын карызын толугу менен төлөп абактан чыгарууга жардам берерин билдирди. Ошондой эле жакынкы арада кыргыз кызы менен чогуу Кыргыз өлкөсүнө келип, бир туугандары менен жолугушарын кошумчалады.

Ошондой эле Давид Манукян кыргыз кызы тууралуу жаман ойлоп, терс пикир айтып жаткандарга да кайрылды.

"Мен кыргыздарды кең пейил калк катары билем. Ал (ред.; кыргыз кызы) менин сунушума макул болду. Ал жалгыз эле мени менен барбайт. Ал жакка толук командабыз менен барабыз. Мен жаныма көптөгөн балдарды алдым. Алар эс алып келишет, ошону менен бирге мен аларга акча табууну үйрөтөм", - деди ал.

Эске салсак, Давид Манукян буга чейин Айнуранын кыялын орундатып Дубайга жолдомо алып берген. Ошондой эле Москвада курьер болуп эмгектенген Эламан аттуу кыргыз жигитке акыркы үлгүдөгү "iphone 13" смартфонун белек кылган.

Орусиялык блогер Давид Манукян кыргыз кыздын апасын абактан чыгарууга жардам берет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Rusbayastan
2021-12-05 11:23:52
Алла ыраазы болсун
+15
Belek1710
2021-12-05 11:31:11
Молодец Манукян.
+14
SHahabidin-jabborov
2021-12-05 15:00:41
Belek1710,кана бул блогер мусулман болгондо!
+2
KaGaH
2021-12-05 11:38:31
Алла ыраазы болсун!Давид мАшаала!
+11
Elnura_2322
2021-12-05 12:05:54
Аллахым берем десе ушинтип эле берип коёт, булар жон эле себепчи болуп атышат да. Анан биздикилер "Дубайга алып барып тигинтет,минтет деп башташты" го. Жон гана бироо учун суйунуп,кубанып койгонду уйронсок жашоо да женил болот))) Апасы абактан бошотулуп, кичинекей балдарын кучагына алса экен эртерээк.
+15
Aidan_Ek
2021-12-05 12:09:06
Аллахым баарына кудуреттуу! Берем десе ар кандай жол менен берет!
+12
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-05 13:14:10
Ушундай ишти кыргыздын чириген байларыда жасап жардам берип койсо кана
+10
Toxa76
2021-12-05 14:23:24
Биздин байлар депутат болуш учун аракет кылышат
+9
nazira...
2021-12-05 14:43:11
Чын эле биздин депутаттар, министрлер ушинтип бирөөлөргө жардам берет бекен ээ. Же тойбоду, же жарылышпады, ошон үчүн чимкирик атка конушту мынтип.
+7
Dembele84
2021-12-05 16:29:07
Ушуну коруп биздин алигарх депутаттар ойлоноор бекен,обычный башка олконун блогери кыргыз учун жардам берип жатканына.
+2
Egizderim-baktim
2021-12-05 20:16:45
Аллахым баарыбызга ыйман ырыскы бер. Бул кыз апасы жонундо айтып баратып козуно жаш алганда мен да ыйлап алдым.Дава да туура айтыптыр мен жалгыз барбайм деп биздин салаттарды да карап билген окшойт. Апан аман эсен чыгып дайыма бирге болгула. Менин Апам айылда шугур ошого конулум тынч журом
+1
Egizderim-baktim
2021-12-05 20:18:10
Ольга менен ажырашкандан кийин Дава кооп жакшылык кылып калды корунот
+1
Asmat84
2021-12-06 11:01:44
Аллахым ыраазы болсун кимге жакшылык кылса Алла таала эки эселеп жакшылыктарды берсин.
Супер инфо силер да ошол кыз менен байланышып эмне себептен апасы каяктан качан кандай себептер менен камалып кетиши боюнча макала даярдасанар жакшы болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан