Дүйнөдө эмне кеп? Түркия өлкөнүн эл аралык атын өзгөртөт

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн эл аралык атын Turkey деген аталыштан Türkiye деген атка өзгөрткөн жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жарлыктын текстинде өлкөнүн атын өзгөртүү чечими бийик маданиятты чагылдыраары жана түрк өндүрүүчүлөрүнүн сапаттуу продукциясынын ишенимдүү жеткирүүчүсү катары ак ниеттүүлүгүн ырастоо үчүн жасалганы белгиленген.

Ошондой эле өлкөнүн бардык расмий документтеринде, анын ичинде чет мамлекеттер жана уюмдар менен болгон кат алышууларда Turkey, Turkei, Turquie деген аттардын ордуна Türkiye деген жалгыз термин колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
surgeon777
2021-12-06 09:59:29
Биз да Киргизия,Киргизстон дегизбей жалгыз КЫРГЫЗСТАН деген атты колдонууга отушубуз керек жана талап кылышыбыз керек.
+14
Ak_Bulut
2021-12-06 13:00:07
surgeon777,туура КЫРГЫЗСТАН деш керек (Киргизия жакпайт)
+2
odin-takoy
2021-12-07 04:33:51
Ak_Bulut,орус дебей русский де
0
Kara-kulzha
2021-12-06 15:20:46
surgeon777, КЫРГЫЗСТАН эмес "Кыргыз" же Кыргыз эле" деп өзгөртүү керек.
0
IOA
2021-12-06 15:01:21
КыргызЭл жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан