Коронавирустун омикрон шатыммын жуктургандардын арасынан каза болгондор каттала элек

COVID-19дун жаңы омикрон штаммын жуктургандардын арасында өлүмгө учураган бир дагы учур катталган жок. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан белгилегендей, жаңы штаммдын жугуштуулугун жана катуу ооруну пайда кылуу жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн изилдөөгө дагы бир нече апта керек. "Омикрон штаммы боюнча жаралган суроолорго керектүү жоопторду алууну көздөп жатабыз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан