Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 5-декабрда орун алган.
Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кылмышка шектелип 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу жогорудагы окуяга байланыштуу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Тургундар менен Сокулук РИИБинин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, иш көзөмөлдө турганы, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөөрүн билдирген. Андан соң чогулгандар тарап кетишкен. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Териштирүү иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.