Борбор калаада бир аптанын ичинде 6876 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул маалыматты Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 26-ноябрынан 2-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматы тарабынан 6876 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен эң көбү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн токтобой өтүп кеткен эреже бузуулар.
- Мас абалында унаа башкаруу - 57 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 22;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 40;
- Жасалма номер менен унаа айдоо - 2;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 641;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 6114;
362 унаа ар кандай эреже бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Мындан тышкары кайгуул кызматкерлери алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.