Бүгүн сиз каалаган тамакты 1-2 мүнөттө ысытып берген, ашканадагы тың жардамчы сатыкка чыккан күн. Ал эмне десеңиз, ал - микро толкундуу меш.
Мындан туура 76 жыл мурда америкалык окумуштуу Перси Лебарон Спенсер ойлоп тапкан микро толкундуу мешке тамак-аш жаатында колдонуу үчүн патент берилген.
Айрымдар бул ашкана буюмун немис окумуштуулары экинчи дүйнөлүк согуш маалында ойлоп табышкан деген ойлорун дагы айтышат. Бирок бул вариант такталбаган бойдон калууда.
Жашоо-тиричилик шарттарын жеңилдеткен дагы бир техника кантип пайда болгон билгиңиз келеби? Анда анын тарыхына кайрылабыз.
Микро толкундуу мештин пайда болушу тууралуу бир нече божомолдор бар. Анын кантип пайда болгону тууралуу так маалымат азыркыга чейин жок.
Кантсе дагы буга чейин эч бир окумуштуунун башына тамакты мындай жол менен жылытуу мүмкүн экендиги тууралуу идеялар келген эмес.
Алгачкы микро толкундуу меш "Radarange" деген аталышта 1947-жылы жарык көргөн. Анын көлөмү аябай чоң эле.
Ал эми 1960-1962-жылдары бул ашкана буюмунун көлөмү кичирейип, баасы 500 доллардын тегерегинде чыгарыла баштаган. Ошондон тартып микро толкундуу мештин өнүгүү доору башталды десек болот. Өкүнүчтүүсү окумуштуу өзүнүн ойлоп тапкан мешинин эсебинен көп деле киреше таба алган эмес. Себеби ал жашоосундагы эң мыкты техниканы ойлоп тапкан учурда "Raytheon" аттуу компанияда иштечү.
Аталган компания окумуштууга аз гана акча төлөп берип, ойлоп табылган микро толкундуу мешти өзүнүн атына патенттеп алган.
6-декабрга карата жылнаама.