Ырчы жана шоумен Филипп Киркоровго жол эрежесин бузгандыгы үчүн 90 административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москва шаарынын Таган районунун №422 сот округунун судьясы Филипп Киркоровго карата административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун негизинде козголгон 90 административдик материалды алды. Соттук отурум 14-декабрга белгиленген.
"Киркоров шаардык автоинспекцияга протоколдорунун ар бири үчүн төлөнбөгөн сумманын эки эселенген өлчөмүндө, бирок бир миң рублдан кем эмес өлчөмдө административдик айып салынат. Ал же 15 суткага чейин администрациялык камакка алуу түрүндөгү жазага тартылышы же 50 саатка чейин милдеттүү жумушка тартылышы мүмкүн" - деп айтылат маалыматта.