Кытайдын Чунцин шаарында автономдуу айдоо технологиялары бар үч автобус сыноо режиминде коммерциялык пайдаланууга берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык Baidu технология гиганты тарабынан иштелип чыккан Robobus аталышындагы автобустардын узундугу 5,9 метр жана круиздик ылдамдыгы саатына 40 километр. Алар төртүнчү даражадагы автоматташтыруу технологиясы менен жабдылган.
Шаардын тургундары жаңы акылдуу автобустарга жүзүн таануу технологиясы, IC карталары же Alipay аркылуу жол кире төлөгөндөн кийин отура алышат.