Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган. Бул чагымчыл видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат.
4-декабрда Таштанбековдун аракеттерине "улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу" каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен, кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн. Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, Акбөкөн Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп жазылат маалыматта.