УКМК Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, келип түшкөн арызды аталган РИИБинин кызматкери С.Р. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, андан 135 миң доллар алган. Кийин ар кандай шылтоолорду айтуу менен акчаны кайтаруудан баш тарткан. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Учурда С.Р. аттуу жаран издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо, (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702 23 32 43 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууларын өтүнөт:
• Чүй: (0312) 54-07 19:
• Жалал-Абад: (03722) 5-60-49;
• Ош: (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл: (03922) 5-11-80;
• Талас: (03422) 5-20-43;
• Нарын: (03522) 5-08-49;
• Баткен: (03622) 5-00-33.