Шотландиялык порно жылдыз кесибинин айынан эркектер менен болгон мамиледеги кыйынчылыктарын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Актриса Лан Вульф ачык сүрөттөрүн, видеолорун интернет аркылуу сатат. Анын интернет тармактагы баракчасы абдан популярдуу.
"Жигиттер мени менен сүйлөшүп баштаганда жумушума каршы эместиктерин айтышат. Ортодо болгон сезим күч алганда эле алар жумушума каршы чыгып аны сүйүү деп түшүндүрүшөт. Бул жумуш менин кыялымдагы жумуш, мен аны жакшы көрөм жана мен сүйгөн нерсемди токтотууну каалаган жана мени колдобогон адам менен боло албайм", - деп билдирет актриса.
Вулф учурда жеке жашоосундагы ийгиликсиздиктерден тажап, ал карьерасына көңүл бурууну чечкен. Учурда ал социалдык тармактагы баракчасына өмүрүн байлап койгон.