Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз ээси шектүүгө 18-ноябрда 53 жарым миң сом берген. Себеби ал жабырлануучуга Кореяга кетүү үчүн визага жардам берүүнү убада кылган. Андан соң из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан