Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Дели шаарында жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул жолугушуу эки лидердин 2019-жылдын башынан берки биринчи жолугушуусу. Сүйлөшүүлөрдө Путин менен Моди эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде G20, БРИКС жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагындагы биргелешкен иштерди талкуулашкан. Ошондой эле өлкө башчылары стратегиялык туруктуулук, террордук коркунуч менен күрөшүү жана Ооганстандагы кырдаал темаларын козгошкон.
Жолугушуу өткөн Индия сарайында маймылдар имаратка кирип кетпеши үчүн атайын тор тартылган. Басылмалар эки лидер актуалдуу маселелерди талкуулап жаткан маалда эки маймыл дал ошол сарайдын үстүнөн кумарга батканын жазышты.