Өспүрүмдөргө “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын үйрөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун медиа канатынын активдүү кызматкери, 1997-жылы туулган М.А. аттуу жарандын жашаган жеринде көп сандагы диний адабияттар, конспекттер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефон табылып алынган.
Ал эми 1994-жылы туулган жарандын жашаган жеринен 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин конституциясынын долбоору жазылган 1 брошюра, 1 күндөлүк табылып алынган. Алар жашаган үйдө Араб тилинин грамматикасын үйрөтүү деген шылтоо менен “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна дуушар кылуу максатында жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний билим берүү уюштурушканы аныкталган.
Иликтөө маалында батирде Кыргыз республикасынын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм бала болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.А. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилген. Ал эми өспүрүм балдар жакындарына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.