Москванын түштүгүндөгү Рязанский көп функционалдуу борборунда белгисиз адам ок чыгарып, 2 адам каза болуп, 4 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын арасында 10-11 жаштагы кыз бар.
"Алдын ала маалыматтар боюнча күзөтчү сырттан кирип келген кишиге бет кап кийүүсүн айткан, бирок ал ошол жерден ок чыгарган. Ал 45 жаштагы аскер адамы Сергей Глазов. Сергей Глазов тапанчасын туш келди ок чыгарып жатканда Федералдык миграция кызматынын бир ыкчам офицери кармап, полицияга өткөрүп берип, аны окуя болгон жерден алып кетишкен", - деп жазылат маалыматта.