АКШнын президенти Жо Байден, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Италиянын премьер-министри Марио Драги, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель украин-орус чек арасындагы кырдаалды талкуулап, Орусия тараптан келген коркунучтарга жана кастыкка каршы бирдиктүү фронт катары аракеттенүүнүн зарылдыгын белгилешкенин чет элдик басылмалар жазышты.
Дүйнөлүк державалардын лидерлеринин сүйлөшүүсү Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин виртуалдык жолугушуусуна чейин болгон.
"Лидерлер Орусияны чыңалууну азайтууга чакырып, Украинанын аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганын ырасташты", - деп билдирген Улуу Британиянын премьер-министринин басма сөз катчысы.
Анын айтымында, Улуу Британиянын премьер-министри европалык кесиптештери жана АКШ президенти менен болгон сүйлөшүүсүндө Улуу Британия Орусиянын Украинага карата ар кандай агрессиясын болтурбоо үчүн бардык экономикалык жана дипломатиялык куралдарды колдонорун айткан.
Ошол эле учурда беш мамлекеттин лидерлери Орусия менен Украинанын, Франция менен Германиянын колдоосу астында Норманд форматындагы сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо зарыл деп эсептешкен.
Кечээ, 7-декабрда АКШ президенти Жо Байден менен Орусия президенти Владимир Путиндин виртуалдык жолугушуусу болуп өткөн.