Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыева дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти. Ал буга чейин боорунда шишик бар экенин, операция Түркия же Индияда жасаларын айткан.
Назира айым социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, Стамбулдун аэропортунда экенин белгиледи.
"Кудай менден десе, эне менен баланы эч ажыратпасын! 5 айлык Айтегиним калды, апасы кетти. Балам, күч-кубат берчи, бөжөгүмсүң, кайтып келээр күн алыс эместир. Бардык асыл адамдарга, жакындарыма рахмат, бата, тилек, колдооңуздарга", - деп жазат ал.
Белгилей кетсек, Назира Кадыева менен жолдошу ушул жылдын 21-июнунда уулдуу болушкан.