Москвада жааган калың кар 72 жыл мурдагы рекордду жаңылады

7-декабрда Москвада калың кар жаап, калаа тургундары үчүн кыйынчылык жаралып, унаалардын кыймылы кеминде эки күнгө кыйындады. Мындай калың кар 72 жыл мурдагы рекордду жаңыртканын "Фобос" аба ырайы борборунун жетектөөчү эксперти айтканын орус басылмалары жазып чыгышты.

Кар жааган күнү Владивосток аэропортунда Ил-76 учагы менен кар тазалоочу унаа кагылышкан. Мындан улам кардын жаашы жана кар күрткүсүнөн улам кырсыктын кесепеттерин болтурбоо максатында 70 миңден ашык коммуналдык кызматтар тазалоо ишине тартылды.

"Шаршембиге караган түнү борбордо абанын температурасы минус беш градуска чейин төмөндөйт. Аба ырайынын татаал шарттарына карабастан Москванын бардык аэропорттору штаттык режимде ишин улантат", - деп айтылган маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-12-09 11:40:10
Эми иштеткилечи орустарды королу.Мурдунардан манканар агып калганда кайра мигранттарга барасынар
+6
bond02
2021-12-09 12:04:27
Быйылкы кар ерунда, былтыркы 30см жааган карды рекорд десе болот. Быйыл 20см болду да коп болсо.
+1
Akjol18
2021-12-10 10:43:51
bond02,7-декабрга карата чыгарган рекорд.
Буга чейинки жылдары 7-декабрда мындай кар жааган эмес экен ошондой мааниде айтылган.Журналистер сөздү айландырышатда,ар тарабынан.
0
Ak_Bulut
2021-12-09 18:17:09
Байкуш биздин мигранттар дворлордогу калың карларды тазалайт да эми , иштери жеңил и ийгилик болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан