Италияда дүйнөдөгү эң чоң Жаңы жылдык балаты жанды

Италиянын Губбио аймагында дүйнөдөгү эң ири майрамдык балаты жандырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, майрамдык балаты Инжино тоосунун бооруна жасалган. Тоо капталына сүрөтү түшүрүлгөн балатыны күйгүзүү үчүн 8 жарым чакырым электр кабели керектелген. Балатынын бийиктиги 750 метрди түзөт. Анын четки сызыктары 300 жашыл жарык менен, ал эми ичи ар кандай түстөгү 400гө жакын жарыктар менен кооздолгон.

Ошондой эле балатыны түзүүдө колдонулган түстөрдү жергиликтүү тургундар өздөрү тандашканы кабарланды. Алар сүйүү сезимдеринин жана төрөлүүнүн символу болгон түстөрдү колдонушкан. Ошондой эле айрым жарыктарды дүйнөдөн өткөн жакындарына арнашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulizaa
2021-12-10 14:00:01
Кичинекейимде тарткан ёлка га окшош экен, сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан