Кыргыз өлкөсү дүйнө жүзүндөгү электр энергиясы эң арзан өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу британиялык "Cable.co.uk" басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматына ылайык, электр энергиясы эң арзан колдонгон ТОП-10 өлкөгө Орто Азиядан Өзбекстан, Тажикстан, Кыргыз өлкөсү кирген.
Борбордук Азия өлкөлөрүндө электр энергиясы үчүн калк:
Кыргыз өлкөсүндө - бир киловатт-саат 0,017 доллар (1 сом 44 тыйын).
Тажикстанда - бир киловатт-саат 0,023 доллар (1 сом 95 тыйын);
Өзбекстанда - бир киловатт-саат 0,027 доллар (2 сом 29 тыйын) төлөйт.
Электр энергиясын эң кымбат колдонгон өлкөлөр Кариб деңизинде, Тынч океандын сырткы арал мамлекеттеринде, Германия менен Сомалиде. Бул өлкөлөрдүн жашоочулары бир киловатт-саат үчүн 0,30 (25 сом 44 тыйын) доллардан 0,69 долларга (58 сом 51 тыйын) чейин төлөшү керек.
Белгилей кетсек, адистер 230 өлкөнүн электр энергиясынын баасын талдап чыгышкан.