Дүйнөнүн эң бай адамы расмий түрдө турак жайы жок калды

Жер шарынын эң бай адамы, SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск турак жайсыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, америкалык миллиардер Калифорниядагы вилласын 32 миллион долларга саткан. Бул вилла Масктын акыркы менчиги болгон.

Миллиардер Калифорния салыктарды көбөйтүп, жашоо деңгээлин төмөндөттү деп нааразы болуп, бул штаттагы мүлктөрүн саткан. Ал буга чейин корпорациясынын башкы кеңсесин Техас штатына көчүргөн.

Ноябрдын аягында Маск 2022-жылдын башында мөөнөтү бүтө турган мүлктөрүнө салыктарды төлөө үчүн Tesla'нын кошумча 1 миллиард долларлык акцияларын саткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take-72
2021-12-10 12:17:23
Биздин чондорго окшоп калган турбайбы ))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан