Окумуштуулардын пикиринде, коронавирустун омикрон штаммы Түштүк Африкада тездик менен жайылууда. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда айтылат.
Омикрондун пайда болгонуна бир айга чамалап калды, бул убакытта Түштүк Африкада коронавирус жуктургандардын 74 пайызы аталган штамм менен ооруганы кабарланды. Коронавирустун бул түрү менен биринчи жолу ооруп калуу коркунучу азайган, бирок кайра жуктуруп алуу коркунучу көбөйгөн.
"Түштүк Африкада коронавирустун төртүнчү толкунун омикрон штаммы жаратты. Бир суткада 11 миңден ашык адамдан илдет аныкталды. Азырынча омикрон штаммы Африка континентинин түштүгүндө жана дүйнөдө тездик менен жайылып жатат.
Омикронду жуктуруп алгандардын арасында өлүм каттала элек. Тескерисинче, адамдарда илдет жеңил формада өтүүдө. Окумуштуулар омикронго каршы вакцинанын эффективдүүлүгүн иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, учурдагы бардык вакциналар вирустан коргой алат", - деп айтылат маалыматта.