Австралияда Ооганстандан барган аял кызын таксистке сатып жиберди

Австралияда Ооганстандан барган аял кызын таксистке сатып жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көп убакыт өтпөй эле ал кызы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн деген жүйө менен сотко кайрылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 45 жаштагы Сакина Мухаммад Жан 25 жаштагы таксист Мохаммед Али Халимден 15 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Андан соң Сакина Мухаммад Жан өз кызы Рукия Хайдарды мажбурлап таксистке турмушка узаткан.

Австралияда мажбурлап никеге туруу кулчулуктун бир түрү жана кылмыш катары каралат. Чет элдик басылманын билдирүүсүндө жубайлар баш кошконго чейин төрт жолуу гана жолугушкан..

Турмуш кургандан кийин жубайлардын ортосунда чыр-чатак көп чыгып, экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр орун алып келгенин укук коргоо кызматкерлери билдиришкен.

Адаттагы жаңжалдардын биринде Мухаммед Али Халим жубайын ашкана бычагы менен сайып алган. Ал жаракатынан улам каза болгон.

Кылмышка шектүү деп кармалган Мухаммед Али Халим соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alimbek94
2021-12-10 12:07:37
Диний шарият деп коюшуп, мунун артындай далай деген жаш кыздардын, аялдардын тагдыры талкаланып, басмырланып жатат. Сатып алган эркекти өмүр бою камаш керек. Дин менен жыргап кетебиз деген молдолордун жомогуна эч качан ишенбегиле.
-4
Fernando_Torres
2021-12-10 14:48:02
alimbek94,сен эмне биро өлсө биро адашып кылмыш кылса эле динди кошо бересиңби дин такыр башка бул жерде ошол адам күнөлүү динге пайда зыяан деле келбейт динде жүрсөң өзүң үчүн эле жүрөсүң ошол адам жаман экен
+1
Danysh1
2021-12-10 19:49:10
alimbek94, уже надоел молдолордун кандай тиешеси бар сага жаназа буйрубай калып жүрбө
+2
mirlanpiter
2021-12-11 00:56:55
Дин десе эле илгерки чопо доорунда жашаган адамдарды элестеткен заманбап "вундеркинг" адамдарды бир короого камап салып эчки сыяктуу мааратып ачка койгум келет эң жөнөкөйлөтүп жаздым сабырдуулук м-н
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан