Баткен облусунун Айдаркен шаарында мүрзөлөрдөгү темир тосмолор белгисиз жарандар тарабынан уурдалып келген. Милиция кызматкерлери бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүүнү аныкташты. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Айдаркен шаарынын 38 жаштагы
А.Т. аттуу тургуну уурулукка шектелип кармалды.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.