"Бөйрөккө 4 жолу сайган". Бишкекте аялы күйөөсү тарабынан бычакталды

Бишкектеги ооруканада иштеген аял күйөөсү тарабынан бычакталды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына маалымдады.

"Мага жабыркаган аялдын апасы С.Кулмаматова кайрылды. Анын айтымында, кызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Аны күйөөсү буга чейин да сабап келген. Акыркы жолу ооруканада жумушта жүргөн учурда арт жактан келип бөйрөккө 4 жолу бычак сайган. Аял бутунан да жаракат алган. Ал оор абалда ооруканада жатат. Ал эми күйөөсү Ленин РИИБине жеткирилген, бирок анын таасирдүү байланыштары бар болгондуктан ошол эле күнү бошотулган.

Жабырлануучунун апасынын "эмнеге камалбай калды?" деген суроосуна тергөөчү: "Аны камоого эч кандай негиз жок" деп жооп берген. Бычакталган аялдын күйөөсү мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу айтылууда" - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
makskyzy
2021-12-10 17:11:41
Маньяк андай адамдан коркуш керек больницага келип олтуруп кетиши мумкунда эмнеге чыгарышат доказательство болгондон кийин Аллах жазанды берсин
+3
alym21
2021-12-10 18:20:36
Бардык СМИге кайрылып бул маселени которбосонуз дым-дым болуп басылып кетет.Токтобонуз,курошунуз.
+4
Antiradikal10
2021-12-10 22:55:02
Садыр менен Камчынын криминал менен "курошунун" жыйынтыгы..... Криминалды ооздуктап жатамын деп ооз коптуруп жатты эле го?!
0
mirlanpiter
2021-12-11 23:40:34
Бул жерде эч кандай криминалдык маселе жок, үй бүлөлүк чыр чатактын кесепетинен келин жабыркап жатат,дароо эле Камчы , Садыр деп эле секирип чыга калмай адат таап алышты кээ бир акылдуу"серепчилер"
0
mirlanpiter
2021-12-11 23:41:59
Тиги күйөө сөрөйдү мыйзам чегинде катуу жазалаш керек адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан