Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордун эстетикалык көркү үчүн күрөшүп, өзүм билемдик менен орнотулган объекттер менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда Патриса Лумумбы көчөсүнөн №94 жана №98 үйлөрдүн жанындагы күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен соң Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан гриль сатуучу соода түйүнү өз ыктыяры менен демонтаждалды.
Ошондой эле Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумбы көчөсүнүн жана Чоң Чүй каналынын кесилишинде күркө алынды.
Андан тышкары Манас көчөсүнүн жана ЧЧКнын кесилишинде күркө алынды, Чүй кең көчөсүндөгү №75 үйдүн жанында күркө демонтаждалды.
Манас проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 корпусунун жанындагы тосмо дагы алынды, натыйжада 106 метр муниципалдык аймак бошотулду.