Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерине кол салып, кармалгандан кийин полиция бөлүмүнөн качып кеткен Өзбекстандын жараны изделүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан Бунёд Тухтаев ММА мушкери. Ал 8-декабрь күнү полиция кызматкерлерине агрессивдүү мамиле жасап, алардын бирин муштуму менен уруп, андан кийин качып кетүүгө аракет кылган. Полиция кызматкерлери аны кармап, бөлүмгө жеткиришкен. Бирок эртеси мушкер качып кеткен.
Полиция кызматкерлери аны QR код жана миграциялык документтер тууралуу сүйлөшүү үчүн токтоткон.