Жо Байден Володимир Зеленскийге Орусия Украинага басып кирсе, зарыл болгон бардык жардамды берерин убада кылды

АКШнын президенти Жо Байден Орусия Украинанын аймагына басып кирип, эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курчуй турган болсо, Орусияны катуу санкциялар күтүп турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жо Байден 9-декабрда Украинанын өлкө башчысы Володимир Зеленский менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШ тышкы басмырлоонун мизин кайтаруу үчүн Киевге зарыл болгон бардык жардамды көрсөтөрүн белгилеген. Ошондой эле америкалыктар Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген.

Ал эми Зеленский Украина тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин жана эч кимге кол салуу ниети жоктугун белгилеген. Ошондой эле өлкөнүн башкы максаты өз жерлерин жана адамдарын кайтарып алуу экендигин кошумчалаган.

Мамлекет башчыларынын 1 жарым саатка созулган сүйлөшүүсү Орусиянын аскердик күчтөрү Украинанын чек арасына жакындап келе жатат деген маалыматтардын фонунда өткөнү маалымдалды. Ал эми Орусия мындай маалыматты четке кагып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-12-11 21:56:38
Талибдерден авгандарды коргой албаган орустардан украиндерди коргоп калуу жомок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан