Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле ооруканадан күйөрмандарына кайрылуу жасап, учурдагы абалы тууралуу билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Достор, мен 30-сентябрда ооруканадан чыккандан бери дарылануунун алкагында химиятерапия сеанстарынан өтүп жаттым. Мен азыр Альберт Эйнштейн ооруканасындамын жана 2021-жылдагы акыркы сеанстан өтүп жатам. Силерге бул ийгиликтерим менен бөлүшкүм келди. Эмне болгон күндө да ар бир кичинекей жеңиш майрамдоого себепчи эмеспи, туурабы? Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бир катар текшерүүлөрдөн өтөйүн деп жатам. Бул жерде дагы бир канча күнгө калам. Тынчсызданбагыла, мен дал ошол майрамга даярданып жатам", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин футбол жылдызына жоон ичегидеги шишикти алып салуу операциясы жасалган. Операциядан соң Пеле жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Акыркы жылдары ал ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүп келет.