Рамзан Кадыров 21 жаштагы кызына "Чеченстан Республикасына кылган эмгеги үчүн" атайын сыйлыгын тапшырды

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзүнүн 21 жаштагы кызын "Чеченстан Республикасына кылган эмгеги үчүн" атайын медаль менен сыйлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Рамзан Кадыров Грозный шаарындагы мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы Хадижат Кадырованы сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

"Былтыркы жылдан бери шаардын мектепке чейинки билим берүү тармагында көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Мындан улам Хадижат Кадырова мектепке чейинки билим берүү системасына кошкон салымы жана ак ниеттүүлүк менен жасаган эмгеги үчүн сыйланды", - деп билдирген Чечен өкмөтүнүн администрация жетекчиси Таймасханова.

Белгилей кетсек, Рамзан Кадыровдун кызы бул кызматка 2020-жылдын декабрь айында 20 жашында келген. Ага чейин ал Грозныйдагы бала бакчалардын биринде жетекчилик кызматты аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina00
2021-12-11 19:13:45
Тооба бир жылда эле сыйлап коюппу
+6
souza.j
2021-12-11 20:12:58
Коррупция
+6
KaGaH
2021-12-11 21:56:07
30/40 жыл мектепте иштегендер эмне болду экен?))
+3
Saidochka
2021-12-11 22:07:42
Оозу кыйшык болсо да,байдын уулу суйлосун
+4
Snare
2021-12-11 22:40:34
Аа эми
+3
Marni
2021-12-12 05:45:39
Кошмар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан