Дүйнөдө биринчи жолу Түркияда ойлоп чыгарылган лазер менен ок атуучу "Эрен" дрону бардык сыноолордон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык "Эрен" дрону менен 500, 300 жана 100 метрлик бийиктиктерден жасалган ок атуу сыноосу ийгиликтүү ишке ашкан. Ал абага көтөрүлүп окту атайын даярдалган темир буталарга таамай тийгизген.
Бул жаңы табылга тууралуу маалымат берген комиссардын орун басары Айкут Эроглу "Эрен" дрону колго жасалган бомбаларды жана аскердик ок-дарыларды атайын адистин жардамысыз алыскы аралыктан жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгилеген.
"Эрен учкучсуз лазердүү курал. Биз лазер менен ок атуу мүмкүнчүлүгүн дрон менен бириктирип дүйнөдө алгачкы ирет жаңы курал жасап чыгардык. Ал абадан өзү ок ата алат. "Эрен" толугу менен Түркиянын өндүрүшү. Аны сыноодон өткөрүп, ийгиликтүү жыйынтыктарды алдык", - деген ал.
Ошондой эле аталган дрон Түркиянын Куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берилери кабарланды.