Актёр Кубанычбек Курманбеков кырк жылкылуу болду. Анын жубайы Замира бүгүн, 12-декабрда көз жарды.
"Келинчегимдин толгоосу бүгүн түндө саат 4төрдө башталып, эртең менен саат 8де көз жарды. Эне, баланын абалы жакшы. Кызыбызга чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси болуп ысым тандайбыз" , - дейт Курманбеков.
2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу сүйлөшкөн кызына баш кошуп, түгөйлөр уулдуу болушкан. 2019-жылы түгөйлөр экинчи ирет уулдуу болушкан.
Актёр "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мешок акча", "Понт" жана башка тасмаларда роль жараткан.