Нарын облусунун Жумгал районунда көмүр ташыган жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, жеңил унаадагы үч адам каза болгон. Мындан улам Дыйкан айылынын эли жолго боз үй тигип, жолду тосту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
"Каза болгон жарандардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Жол кырсыгы эки күн мурда болуптур. Анда жолдогу чаңдан улам эч нерсе көрүнбөй, ушул кырсык катталыптыр. Бүгүн, 12-декабрда Дыйкан айылынын эли жолду тосуп, жолго боз үй тигишти. Алар эмне максат коюп жатканын билген жокмун", - деп билдирди өздүк булак.