Бири жеңилгенден коркпойм десе, экинчиси жеңишке "ачка Акуламын" деп тамашалап... Махмудов менен Власов 1 саатка жакын маектешти

12-декабрда Акжол Махмудов менен Роман Власов 3-ирет видео байланыш аркылуу маек курушту. 1 саатка созулган ары кызыктуу, ары тамашалуу маекте балбандар алдыдагы беттештен тышкары жеке жашоолору, спортко болгон көз караштары жана алдыдагы пландары тууралуу да кеп кылышты. Маектин урунттуу учурларын сиздерге сунуштайбыз.

Эки балбан алгач эле алдыда боло турган беттештин маанилүүлүгүнө токтолуп, анын ичинде бири-бирине өз баасын берип өтүштү.

"Олимпиада оюндары сенин дүйнөдөгү эң мыкты балбандардын бири экениңди көрсөттү. Сен укмуштуудай күрөштүң. Мен сени чемпион болот деп күтүп жаткам. Бирок бир гана упай жетпей калды. Ал эми Лоринц карьерасын жыйынтыктады (ред. Томаш Лоринц Токио Олимпиадасынын финалында Акжол Махмудовду утуп чемпион болгон). Демек, сен менин жолумдагы эң негизги жылдыз, эң негизги чемпионсуң.

Бул беттеш мен үчүн Дүйнө чемпиондугу жана Олимпиада оюндары менен эле барабар. Өзүң билгендей мен Токио Олимпиадасына барбай калдым. Ал эми алдыдагы беттеште мен олимпиадага барууга татыктуу болгонумду далилдешим керек", - деди Роман Власов.

"Сен жеке эле биздин дивизиондо эмес, бүткүл дүйнө боюнча эң күчтүү балбандардын бирисиң. Мен үчүн сен менен күч сынашуу чоң сыймык. Билесиңби, сени утсам деген каалоом кандай күч алып турганын. Мен бул беттеште сендей күчтүү балбанга атаандаштык жарата ала турганымды көрсөтүшүм керек. Ошондой эле кыргыз күрөш мектеби дүйнөдөгү күчтүү мектептердин бири экенин далилдөөнү каалайм", - деди Акжол Махмудов.

Балбандар жеке жашоосу тууралуу да кеп кылышты. Роман Власов Акжол Махмудовго "Сенин жашооң оор өткөнүн билем. Силерди атаңар жалгыз тарбиялап өстүргөн. Абдан кыйын болсо керек? Сурап жатканымдын себеби мени да апам жалгыз чоңойткон. Мага дайыма атамдын мээрими жетишкен жок. Өзүндүн балалыгың тууралуу айтып берсең", - деген суроо узатты.

"Ооба, бул мен үчүн абдан оор суроо. Эч качан жаман айткым келбейт. Бирок менин атам чыныгы баатыр деп айтам. Ал бул атка татыктуу. Себеби бизге апалык мээримдин жоктугун сездирген жок. Атам бизди татыктуу өстүрдү. Мен жакшы мектепте билим алдым. Мени жылуу кийинтти, курсагымды ачырган жок. Андыктан эч нерсеге өкүнбөйм. Менин атам чыныгы баатыр", - деп жооп берди кыргыз балбаны.

Маектин жүрүшүндө эки балбан тең бири-бирин тымызын сестенткендей түр калтырган тамашалуу учурлар да орун алды.

Акжол Махмудов орусиялык балбанды "Мен дайыма жеңишке суусап турам. Кайсы тармакта болбосун айырмасы жок. Маселен мен шахмат, теннис, бильярд дагы ойнойм. Алардын баарында жеңишти гана каалап турам", - деп тамашалады.

Ал эми Власов "Экөөбүз Москвадан сөзсүз боулингге жана стол теннисине барабыз. Ошондо эсептейбиз жеңиштерди. Мен сага эч качан утулбайм", - деген тамашалуу жооп кайтарды.

Ошондой эле кыргыз балбаны "Бүгүн сен кечке эс алдың, Рома. А мен эс алган жокмун. Сенде эс алуу күндөрү бар экен. Менде жок", - деди.

Буга Роман Власов "Мен жумасына бир гана күн эс алам. А бирок күнүнө эки ирет машыгам. Сен менчелик машыкпайсың. Январда Москвага келгениңде менден аз машыгарыңды көрөсүң", - деп тамашалуу жооп берди.

Балбандар ошондой эле алдыда боло турган беттештин күнүн май айынын аягына белгилешти. Ошондой эле январь айында Москвада, апрель, май айларында Кыргыз өлкөсүндө бирге машыгууларды өткөрүүнү макулдашышты. Беттештен тышкары алар чогуу Орусияда жана Кыргыз өлкөсүндө мастер-класстарды, маалымат жыйындарын жана кайрымдуулук иштерин да жасоону сүйлөшүштү.

Өз кезегинде Акжол Махмудов тизесинен жаракат алып операция жасатуу керек болгон учурда жардам көрсөтүү ниетин билдиргени үчүн Роман Власовго ыраазычылыгын билдирди.

"Мен сага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошол убакта сенин кылгандарыңды баары билишин каалайм. Ал убакта сен жанымда болгонсуң. Новосибирскиге чакыргансың жана тосуп аларыңды билдиргенсиң. Операциянын чыгымдарын толугу менен төлөөгө даяр экениңди айткансың. Бул менин жашоомдогу бир туугандык эң жылуу учур болгон. Мен эч качан унутпайм", - деди ал.

Эске салсак, мындан бир канча убакыт мурун орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен беттеш өткөрүү ниетин билдирип чакырык таштаган. Ал эми Акжол Махмудов чакырыкты кабыл алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaynak
2021-12-13 09:27:46
Эркекче разговор болуптур. Чача мача дебей. Конул оорутпай, спорттун тазалыгын, достуктун символу экендигин билдиришиптир. Экоонун диалогун дунуйо жузундогу бут теле каналдар корсотуусун каалайт элем. Акжол сага акжол, а Ромага ден соолук.
+5
Baktiyar731
2021-12-13 09:49:42
zhaynak,Акжолго ийгилик каалайбыз Олимпиада алтынын алсын деп, сен да эркекче пикир калтырыпсың молодец!
+3
surgeon777
2021-12-13 11:46:18
Теплая,дружеская беседа болуптур,кээбир алакоодондорго окшобой эркекче суйлошуптур.
+3
JaneEr
2021-12-13 15:09:35
Красавчики)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан