Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
"Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.
Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.