ЭЛДИК КАБАР: Оштун тургуну: "Дөңгөлөк желимдөөчү жай көчүрүлгөн соң таштандыларын калтырып кетишти"

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылынын тургуну кайрылды. Анда ал Шарк айыл өкмөтүнө караштуу жерде дөңгөлөк желимдөөчү жай башка жакка көчүрүлгөнүн, бирок таштандыларын тазалабай кетишкенине нааразы болду.

"Шарк айыл өкмөтүнө караштуу жерде дөңгөлөк желимдөөчү жайды жылдырышкан. Бирок эски ордун тазалап коюшкан жок. Эски дөңгөлөктөр жолдун жээгинде жатат. Биз өзүбүз тазалай албайт экенбиз, техника керек экен. Ушул көйгөйдү кимге айтарыбызды билбей жатабыз", - деп кайрылды жергиликтүү тургун.

Ошондой эле ал аталган дөңгөлөк желимдөөчү жайдын дарегин дагы айтып өттү.

"Бул Оштун кире бериши, Фуркаттагы айлампадан Ош тарапка өткөндө 150-200 метрдеги оң жактагы жер. Борбордук мечитке жакын жайгашкан", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Оштун тургуну: "Дөңгөлөк желимдөөчү жай көчүрүлгөн соң артында таштанды калтырып кетишти"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан