Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Илон Маск беделдүү "Time" журналы боюнча 2021-жылдын адамы аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жылдын адамын атоо аземи 13-декабрда журналдын YouTube каналында көрсөтүлгөн. Жыл сайын "Time" журналы декабрь айындагы чыгарылышында жылдын адамын аныктап, аны журналдын башкы бетине чыгарып келет. Бул жылы Илон Маск жылдын адамы наамына татыды.
Эскерте кетсек, былтыр, 2020-жылы бул басылма боюнча жылдын адамы АКШнын президенти Жо Байден жана вице-президенти Камала Харрис аталган. Ал эми 2019-жылы экоактивист Грета Тунберг жылдын адамы наамына татыган.